16:36, 18 октября 2024, 24.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Кокулов кесиптештерине таарынды

Жогорку Кеңештин фракцияларынын жыйынында депутат Эрулан Кокулов кесиптештерине кайрылуу жасады. Ал Токмак шаарынын мэри Максат Нусувалиев менен болгон жаңжалда кесиптештери аны колдобогонун айтты.

Эскерте кетсек, сентябрь айында Эрулан Көкүлов кайрадан жаңжалдын чордонуна калып, бул жолу Токмок шаарынын мэри менен чырлашкан. Жаңжалдын чыгышына начар ремонттолгон спорт мектеби себеп болгон. Эл өкүлү видеону социалдык тармактардагы баракчасына жарыялаган.

«Андан бери бир ай өттү. Ушунча убакыт бою мен унчукпадым. Бир-эки кесиптеш келип, эмне болгонун сурашты. Марлен Абрахмановичке рахмат (Марлен Маматалиев. — Ред. 24.kg). Ал келип, мындан ары эмне кылабыз деп сурады. Мен башкаларга таң калам. Эгерде коллегиалдуу орган болсок, биргеликте иштейли. Болбосо, ар бир адам өзү үчүн десеңер, ошондой болсун», — деди депутат.

Эрулан Кокулов парламент төрагасы жана анын орун басарлары Жогорку Кеңештин макамын коргобой жатканына нааразы болду. Ал министрлер кабинетинен маселени Токмок шаарынын мэри менен чечип, анын жыйынтыгын коомчулукка жарыялоону суранды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18