14:07, 18 октября 2024, 24.kg

Чаткалда кар көчкүнүн астында калган адамдардын бирөөсүнүн сөөгү табылды

Жалал-Абаддын Чаткал районунда дайынсыз болуп жаткан алты адамдын бирөөнүн сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, маркум 46 жаштагы К.К. аттуу жаран болуп чыккан. Анын сөөгү саат 12:45те табылып, тик учак менен Кумбел тилкесине алынып келген.

Photo 349572

Учурда калган беш адамды издөө иштери уланууда.

Эскерте кетсек, 9-октябрда Каныш-Кыя айылынын 13 тургуну жана 1 кытайлык жаран тоого эндик өсүмдүгүнүн тамырын терүүгө чыгышкан. Кийинчерээк байланышка чыкпагандыктан, 16-октябрда алар дайынсыз болуп жатканы тууралуу ӨКМге кабар берилген.Ошол эле күнү куткаруучулар менен жергиликтүү тургундар издөө иштерине чыгып, дайынсыз болгон 8 кишини табышкан.

Табылган адамдар 14-октябрда саат 18:00дордо кар көчкү болгонун, 6 адам кар алдында калган болушу мүмкүн экенин айткан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18