13:13, 17 октября 2024, 24.kg

ЖК экс-мэр Нариман Түлеевге мыйзамсыз берилген жерди кайтарып алуу айтылды

Жогорку Кеңештин бүгүн, 17-октябрдагы жалпы жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева Биринчи май районунун «27-кварталынын» тургундары борбор калаанын экс-мэри Нариман Түлеев жана экс-вице-мэр Андрей Филатов тарабынан мыйзамсыз жеке менчикке өткөн жер тилкесин муниципалдык менчикке кайтарып берүүнү суранып жатканын билдирди.

Эл өкүлүнү айтымында, 2008-жылы Бишкек шаардык кеңеши муниципалдык жер тилкеге ​​балдар аянтчасын орнотуу чечимин чыгарган. Бирок 2009-жылы жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жаран Өмүркановго жеке менчикке берилген. 2018-жылы жер тилкесинин чек арасын тактабай туруп, жаран Калыбековго сатып жиберген.

Эльвира Сурабалдиеванын айтымында, Нариман Түлеев менен Андрей Филатовго жерди жеке менчикке өткөрүү боюнча кылмыш иши козголгон. Акыркысы дароо издөөгө алынган. Депутат аталган жерди муниципалдык менчикке кайтарып берүүнү суранууда
Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18