17:05, 16 октября 2024, 24.kg

ЖК депутаты Сокулук районундагы дачалар боюнча саясий чечим кабыл алууну суранды

Жогорку Кеңештин бүгүн, 16-октябрдагы жалпы жыйынында депутат Аманкан Кенжебаев Чүй облусунун Сокулук районундагы дача тилкелери боюнча саясий чечим кабыл алууну суранды.

Эл өкүлү дачалар эбак эле айылга айланып кеткендиктен, бул жерлердин категориясын калктуу конушка өткөрүү керектигин белгиледи. Эми жарандар жашаган жери боюнча каттоого тура алышпайт. Анткени алардын үйүнүн статусу турак-жайга алмаштырыла элек. Каттоодон өтпөгөндүктөн мамлекеттик кызматтарды алууда көйгөйлөр жаралууда.

«Биз ар кандай мамлекеттик органдарга кайрылабыз, бул маселени эч ким чече албайт. Калкты тейлөө борборуна, айыл өкмөтүнө, акимге да бардым. Саясий чечим кабыл алалы. Сокулукта 67 дача тилкеси бар. Булар эчактан бери дача эмес, айылга айланып калган. Биз жер тилкелерине мунапыс берүү боюнча норма кабыл алганбыз, бирок аягына чыга албай жатабыз», — деди Аманкан Кенжебаев.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18