11:04, 16 октября 2024, 24.kg

Депутат Төө-Ашуудагы абалды көзөмөлгө алууну суранды

Жогорку Кеңештин бүгүн, 16-октябрдагы жалпы жыйынында депутат Таалайбек Сарыбашов тиешелүү министрликтерден Төө-Ашуу ашуусундагы абалды көзөмөлгө алууну суранды.

Эл өкүлүнүн айтымында, ашууда калып, өтө албай калган жарандар түнү бою байланышка чыгышкан. Жол эртең менен гана ачылганы менен ашууда миңдеген унаалар бар.

Эскерте кетсек, Төө-Ашуу ашуусунда кардын жана муздун кесепетинен ири унаа тыгыны пайда болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги унаа тыгынында калган жарандарга ысык тамак жеткирүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18