23:10, 15 октября 2024, 24.kg

Кыргыз футбол курамасы Түндүк Кореяны 1:0 эсебинде жеңди

2026-жылы боло турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо оюндары алкагында бүгүн, 15-октябрда борбордогу Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы менен Түндүк Кореянын курама командасы беттешти.

Оюндун биринчи бөлүгүндө Кыргызстандын Кыргызстандын оюнчусу Християн Браузман гол киргизип эсепти ачты. Беттеш 1:0 эсебинде жыйынтыкталды.

Муну менен улуттук курама тандоо оюндарынын үчүнчү раундундагы алгачкы үч упайды алып, А тайпада бешинчи орунду ээледи. Ал эми алтынчыга Түндүк Корея түштү.

«Ак шумкарлар» буга чейин улуттук курама команда Өзбекстан, Иран жана Катар курама командаларына жеңилген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18