12:55, 15 октября 2024, 24.kg

Каржы министрлиги: Ооган аскерлеринин компенсациялары 2025-жылы көтөрүлбөйт

Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин жыйынында депутат Улугбек Ормонов каржы министри Алмаз Бакетаевге ооган аскерлерине жеңилдиктер үчүн төлөнүүчү компенсацияны көбөйтүүнү суранышканын эскертти.

«2024-жылдын бюджетин пландоодо алардын компенсациясын көтөргөн жоксуздар. Алар 2025-жылдын бюджетин кароодо маселени кароого убада беришти», — деди парламентарий.

Каржы министри 2025-жылы ооган аскерлерине компенсация көтөрүлбөйт деп жооп берди.

«Азыр биринчи кезекте пенсиядагы укук коргоо органдарына көңүл буруп жатабыз. Кийинки жолу оогандардын маселесин карайбыз», — деп жооп берди Бакетаев.

Депутат оогандыктарга компенсацияны көбөйтүү үчүн 20 миллион сом гана керектелерин белгиледи. Ал эми Ооган согушунун 5 миңге жетпеген ардагери калганын эске алууну суранды.

Кошумчалай кетсек, президенттин жарлыгына ылайык, афгандык майыптарга — 7 миң сомдон, катышуучуларга — 6 миң сомдон жана Ооганстанда курман болгондордун жесирлерине — 1 миң сомдон жөлөк пулдун ордуна республикалык бюджеттен акчалай компенсация төлөнөт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18