18:21, 14 октября 2024, 24.kg

Кара-Кыргыз автономиялуу облусу түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына карата белги коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы» юбилейлик белгисин уюштуруу жөнүндө Жарлыкка кол койду.

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын майрамдоонун урматына, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылынат:

1. «Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы» юбилейлик белгиси уюштурулсун.

2. Төмөнкүлөр бекитилсин:

— «Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы» юбилейлик белгиси жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

— «Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы» юбилейлик белгисине күбөлүктүн формасы 2-тиркемеге ылайык;

— «Кара-Кыргыз автономиялуу облусунунтүзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы» юбилейлик белгисинин сыпатталышы 3-тиркемеге ылайык.

3. «Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы» юбилейлик белгилерин жана алардын күбөлүктөрүн даярдоого, ошондой эле сыйлоо боюнча салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүгө байланышкан чыгымдар КыргызРеспубликасынын Президентинин фондунун каражаттарынын эсебинен жабылат деп аныкталсын.

4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы:

— «Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы» юбилейлик белгилерин жана аларга 100 даана күбөлүктөрдү белгиленген тартипте даярдоону камсыз кылсын;

— «Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы» юбилейлик белгилери менен сыйлоодо салтанаттуу кырдаалды уюштурсун

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18