15:05, 14 октября 2024, 24.kg

Бишкектеги Сүйүмбаев жана Гоголь көчөлөрү кайрадан эки тараптуу болот

Бишкек шаарында жолдордогу тыгындарды жоюу жана алдын алуу максатында Сүйүмбаев жана Гоголь көчөлөрү эки тараптуу болот.

Муниципалитеттен билдиришкендей, эми Сүйүмбаев көчөсү Жибек Жолу проспектисинен Москва көчөсүнө чейин эки тараптуу болот. Жолду капиталдык оңдоодон кийин Москва көчөсүнөн Огонбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү да унаалар үчүн ачык.

Курулуш жана оңдоо иштери аяктагандан соң Огонбаев көчөсү менен Жибек Жолу проспектисинин ортосундагы тилке да эки тараптуу кыймыл үчүн ачылат.

Жумабек жана Москва көчөлөрүнүн ортосундагы Гоголь көчөсү да эки тараптуу болот.

Белгилей кетсек, буга чейин Гоголь көчөсү Сүйүмбаев көчөсүнүн капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу эки тараптуу кылынган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18