14:29, 14 октября 2024, 24.kg

Кыргызстан окуу китептери үчүн «Евразия» уюмунан 1 миллиард сом алат

Кыргызстан окуу китептерин сатып алуу үчүн «Евразия» бейөкмөт уюмунан 1 миллиард сом алат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул маселе президент Садыр Жапаровдун көзөмөлүндө.

Министр белгилегендей, буга чейин Каржы министрлиги жыл сайын мектеп китептерин сатып алууга 152 миллион сом бөлүп келген. «2025-жылга бул башкармалык 744 млн сом бөлүүнү пландоодо. Мындан тышкары Евразия уюму 1 млрд сом бөлүп жатат», — деди ал.

Жыйында эл өкүлдөрү КР 2025-жылга республикалык бюджети жана 2026-2027-жылдарга пландаштыруу мезгили жөнүндө мыйзам долбоорун Каржы министрлигинин башчысы Алмаз Бакетаевдин катышуусунда карап жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18