13:23, 14 октября 2024, 24.kg

Долбоорлорду ишке ашыруу үчүн 40 айыл өкмөткө 450 миң доллар бөлүнөт

Республика боюнча 40 айыл өкмөтү ар кандай долбоорлорду ишке ашыруу үчүн 450 миң доллар алат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду.

Бул акча Дүйнөлүк банк тарабынан пайызсыз насыя жана грант катары берилет. Жалпысынан 27 миллион доллар алынат. Анын 25 миллион доллары 50 жылдык мөөнөткө, төлөмдөрдү 10 жылга кийинкиге калтыруу менен берилген. Дүйнөлүк банк грант катары 2 миллион доллар берет.

Ошондой эле комитет жыйынында 40 райондун бир айыл өкмөтү акча алаары белгилүү болду. Грант алуучулар буга чейин аныкталган. Бирок бул акчага кандай долбоорлор ишке ашары азырынча белгисиз.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18