16:10, 11 октября 2024, 24.kg

Быйылкы Нобель Тынчтык сыйлыгы жапониялык «Нихон Хиданкио» кыймылына ыйгарылды

2024-жылдагы Нобель Тынчтык сыйлыгы Хиросима менен Нагасакидеги атомдук жардыруулардын курмандыктарын бириктирген жапониялык Нихон Хиданкио кыймылына ыйгарылды. Бул тууралуу Нобель комитетинин сайтында маалымдалды.

Photo 348649

Билдирүүдө сыйлык «Нихон Хиданкио» кыймылына өзөктүк куралдан таза дүйнөгө жетишүү аракети жана өзөктүк курал кайра эч качан колдонулбашы керек экенин далилдегени үчүн берилгени айтылат.

Бул кыймыл Хиросима менен Нагасакидеги атомдук бомбалоолордун курмандыктары тарабынан түзүлгөн. Анын мүчөлөрү бул кол салуулардан жапа чеккендерге колдоо көрсөтүүнү жана өзөктүк куралды жок кылууну талап кылып келишет.

Тынчтык сыйлыгы Нобель жумалыгындагы акыркы сыйлык болуп саналат. Буга чейин физиология жана медицина, физика, химия жана адабият боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаттарынын ысымдары белгилүү болгон.

Эске сала кетсек, 2023-жылы Нобель Тынчтык сыйлыгы ирандык активист жана укук коргоочу Наргиз Мохаммадиге ыйгарылган. 2022-жылы беларусиялык укук коргоочу Алес Беляцкий, 2021-жылы журналист Дмитрий Муратов анын лауреаты болушкан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18