15:05, 11 октября 2024, 24.kg

Оштогу сел. Жабыркаган соодагерлердин жарымына жакыны компенсация алышты

Үстүбүздөгү жылдын июль айында Ош шаарында болгон селдин кесепетинен 1480 соодагер жабыр тарткан. Бул тууралуу 24.kg басылмасына мэриянын экономика, финансы жана инвестиция бөлүмүнүн башкы адиси Эрлан Атабаев билдирди.

Анын айтымында, ар бир ишкерге келтирилген зыяндын өлчөмү ар башка: 100 миң сомдон 1,5 миллион сомго чейин. 30га жакын соодагерге 1 миллион сомдон ашык материалдык зыян келтирилген.

Бүгүнкү күнгө карата 522 ишкер мамлекеттен 100 миң сомдон алышкан. Дагы 623 соодагердин тизмеси министрлер кабинетинин бекитүүсүнө жөнөтүлдү. Бөлүм акча бөлүү боюнча чечимди күтүп жатат.

«Соодагерлердин арасында Салык кызматында каттоого турбагандар же селден кийин каттоого тургандар бар. Аларга компенсация каралган эмес», — деди Эрлан Атабаев.

Эскерте кетсек, 14-июлда катуу жааган жаандын кесепетинен Ош облусунун айылдарында жана Ош шаарында катуу сел жүргөн. Сел төрт адамдын өмүрүн алды. Мындан тышкары, элди эвакуациялоо учурунда бир адам каза болгон.

Президент Садыр Жапаров мамлекет селден жапа чеккендердин баарына жардам берерин белгилеп, ошол эле учурда сел, жер титирөө, өрт же башка кырсыктар учурунда мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы кыйраган мүлктөрдү тез арада калыбына келтириши үчүн адамдар турак-жайын камсыздандырууну үйрөнүшү керектигин айткан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18