12:37, 11 октября 2024, 24.kg

Президент Садыр Жапаров иш сапар менен Ашхабад шаарына келди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-октябрда Түркмөнстандын Ашхабад шаарына иш сапары менен келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Президент Садыр Жапаровду Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Баймырад Аннамамедов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Аэропортто килем төшөлүп, ардак кароол тизилди. Улуттук кийимчен балдар Садыр Жапаровго салам айтып, гүл сунушту.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун чакыруусу менен түркмөн акыны жана философу Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына арналган «Мезгил менен цивилизациялардын өз ара байланышы — тынчтыктын жана өнүгүүнүн негизи» аттуу эл аралык форумга катышат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18