15:05, 09 октября 2024, 24.kg

Еврокомиссиянын делегациясы Майлуу-Суудагы мурдагы уран жерлерине барды

КР Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев башында турган Еврокомиссиянын делегациясы Майлуу-Суу шаарындагы мурдагы уран өндүрүлгөн жерлерге барды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Иш сапардын жүрүшүндө делегациянын өкүлдөрү ЕРӨБ тарабынан каржыланып жаткан рекультивация иштеринин жүрүшүнө баа беришти. Мында бенефициар катары Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чыгат. Иш 1968-жылы токтоп, бирок артында 23 радиоактивдүү калдыктарды сактоочу жайларды жана 13 тоо-кен калдыктарын сактоочу жайларды калтырган уран казуунун кесепеттерин жоюуга багытталган.

Photo 348284

«Кыргызстан акыркы жылдары активдүү иш алып барып, кооптуу объектилерди турукташтырууда олуттуу прогресске жетишти. Европа Биримдиги Кыргыз Республикасындагы жана Өзбекстандагы уран калдыктарын рекультивациялоого 40 миллион евродон ашык каражат бөлдү. Бул экологиялык жана санитардык тобокелдиктерди жоюу жолундагы маанилүү кадам болуп саналат», — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, бул иш-чаралар экологиялык абалды жана жергиликтүү тургундардын жана жакын жайгашкан мамлекеттердин коопсуздугун жакшыртат деп күтүлүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18