14:21, 09 октября 2024, 24.kg

Айбек Жунушалиев: Инвесторлор Бишкекке метро курууну сунушташты

Инвесторлор борбор калаага метро курууну сунуштап жатышат. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди.

Депутат Эльдар Абакиров Ош жана Бишкек шаарларынын калкы тездик менен өсүп жатат. Борбор калаада жашоочулардын саны 2 миллиондон ашты, ошондуктан метро курууну баштоо керектигин белгиледи.

«Кийинки жума күнү жыйын болот. Метро куруу үчүн бизге инвесторлор кайрылып жатышат. Алар өз сунуштарын айтышат. Биз карап чыгабыз, эгер алар кабыл алынса, анда биз баштоого даярбыз», — деди мэр.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Арсланбек Малиев дагы инвесторлордун каражатына Бишкекке метро курууну сунуштаган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18