14:08, 09 октября 2024, 24.kg

Бишкекте чаржайыт соодага каршы рейддер өткөрүлөт

Шаардык инспекция мыйзамсыз көчө соодасына каршы рейддерди баштайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, уруксатсыз соодага каршы күрөштү райондук администрациялар жүргүзгөнүн эске салышты.

«Эми муниципалдык инспекция учурдагы мыйзамдарга ылайык чараларды көрөт», — деп баса белгиледи мэрия.

Колдон, лотоктордон, автомашиналардан товарлардын бардык түрүн белгиленбеген жерлерде саткандыгы үчүн 3 миң сомдон 13 миң сомго чейин айып салынат.

Муниципалитет жарандарды мыйзамды сактап, борбордо тартипти жана тазалыкты сактоону суранат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18