09:03, 09 октября 2024, 24.kg

Бүгүн Бишкекте жасалма интеллекти боюнча Түрк тилдүү мамлекеттердин саммити өтөт

9-10-октябрда Бишкекте Түрк тилдүү мамлекеттердин жасалма интеллекти боюнча саммити өтөт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, эки күндүк инновациялык иш-чарада түрк тилдүү мамлекеттердин, Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдарынн өкүлдөрү, Жасалма интеллекти боюнча алдыңкы серепчилери, бизнес коомчулук, илимий чөйрө жана IT коомчулугунун өкүлдөрү катышат.

Саммитте жасалма интеллекти боюнча жаңы жетишкендиктер, тажрыйба алмашуулар жана жасалма интеллектини мамлекеттик башкарууда, бизнесте, социалдык демилгелерге киргизүүдөгү жаңылыктар талкууланат.

Быйыл июлда Азербайжанда Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө өлкө башчыларынын бейформал саммити өткөн.

Түрк мамлекеттер уюмуна Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия кирет. Байкоочу өлкө катары Венгрия жана Түркмөнстан бар.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18