17:22, 08 октября 2024, 24.kg

Физика боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаттары белгилүү болду

Бул жылы Жон Хопфилд жана Жеффри Хинтон нейрондук тармактарды машиналык үйрөнүү жаатындагы изилдөөлөрү үчүн физика боюнча Нобель сыйлыгын алышты. Бул тууралуу Нобель комитетинин сайтында маалымдалды.

Photo 348160

2024-жылы физика боюнча Нобель сыйлыгынын эки лауреаты физиканын куралдарын заманбап күчтүү машина үйрөнүүнүн негизи болгон методдорду иштеп чыгуу үчүн колдонушкан. Жон Хопфилд маалыматтардагы сүрөттөрдү жана башка типтеги үлгүлөрдү сактап, кайра түзө ала турган ассоциативдик эстутумду жараткан. Жеффри Хинтон маалыматтардагы касиеттерди автономдуу түрдө таба ала турган жана ошону менен сүрөттөрдөгү белгилүү элементтерди аныктоо сыяктуу тапшырмаларды аткара турган ыкманы ойлоп тапкан.

Белгилей кетсек, өткөн жылы физика боюнча Нобель сыйлыгы үч физикке ыйгарылган: Огайо штатынын университетинен Пьер Агостини, Макс Планк атындагы кванттык оптика институтунан Ференц Крауш жана Пьер жана Мари Кюри университетинен Энн Л’Хюилет. Алар атомдордун жана молекулалардын ичиндеги электрондорду изилдөө үчүн колдонула турган жарыктын өтө кыска импульстарын түзүүнүн жолун көрсөтүштү.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18