14:29, 08 октября 2024, 24.kg

Зыян 25 млн сом. «Улуттук электр тармагынын» директорунун орун басары кармалды

Коррупциялык көрүнүштөргө аралашкан «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКнын башкы директорунун орун басары Аскат Абылаев кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Эске сала кетсек, чиновник 5-декабрга чейин кармалып, СИЗОго киргизилген.

Бир тендерге аудит жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКсынын кызмат адамдары КР «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамын одно бузуп, сатып алуучу товардын баасына алдын ала мониторинг жүргүзбөстөн тендер өткөрүшкөн. Ошентип, бир гана тендер боюнча 25 млн сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталды.

Иш боюнча табылган далилдердин негизинде КР Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык кылмышка шектүү катары «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКтын башкы директорунун орун басары, 1992-жылы туулган А.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Соттун чечими менен 1992-жылы туулган А.А. нын баш коргоо чарасы камакка алуу түрү тандалып, эки айга камалды.

Иш боюнча тергөө иштери уланууда.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18