14:00, 08 октября 2024, 24.kg

Улуттук статистика комитети: Кыргызстанда кылмыштуулуктун деңгээли төмөндөдү

Кыргызстанда кылмыштуулуктун катталышы төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети Башкы прокуратуранын статистикасына шилтеме кылып билдирди.

Маалыматка ылайык, 2024-жылдын сегиз айында өлкөдө 25,7 миң кылмыш жасалган. Бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14,8 пайызга аз.

Жалпысынан январь-август айларында 3,1 миң оор жана өзгөчө оор кылмыштар катталган (-11,9 пайыз). Алардын басымдуу бөлүгүн менчикке каршы кылмыштар түзөт — бул укук бузуулардын жалпы санынын 71 пайыздан ашыгы.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, 13 миң 1 адам кылмыш жасаган, анын 11 миң 164ү эркектер, 1 миң 837си аялдар. Кылмыштардын 8,5 пайызы 18 жашка чейинки жарандар тарабынан жасалган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18