12:49, 08 октября 2024, 24.kg

Жогорку Сот төрагасына дагы бир орун басар керек. Депутаттар мыйзамды жактырды

Бүгүн, 8-октябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйынына мыйзам долбоорун сунуштоо үчүн Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбаев өзү келди.

Эске сала кетсек, өткөн жыйында депутаттар Жогорку соттун төрагасы жыйынга келгенге чейин мыйзам долбоорун кароодон баш тартышкан.

Жогорку Соттун түзүмүнө санариптештирүү менен алектене турган төраганын төртүнчү орун басарын киргизүүнү караган мыйзам долбоору боюнча Замирбек Базарбаев баяндама жасады. Депутат Гуля Кожокулова документке каршы пикирин билдирди.

Анын пикиринде, мыйзам долбоору президенттин республикалык бюджеттин чыгашаларын оптималдаштыруу чаралары жөнүндөгү жарлыгына карама-каршы келет, анткени жаңы орун басарга кызматтык унаа сатып алуу, ошондой эле айдоочу менен катчы кызматка алуу каралган.

Мындан тышкары, депутат сот системасын санариптештирүүнү юридикалык билими бар, адистештирилген системада чоң тажрыйбасы бар судья эмес, ушул тармактын адиси же Санариптештирүү департаменти жүргүзүшү керек деп эсептейт.

Замирбек Базарбаев депутаттарга ага төртүнчү орун басар кереги жок экендигин бирок Кыргызстан башка өлкөлөр менен өнүгүү жолуна түшүшүн каалайт белеңер деп жооп берди.

Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырышты.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18