09:07, 08 октября 2024, 24.kg

Бүгүн Бишкектин батыш тарабында муздак суу болбойт

Бүгүн, 8-октябрда Бишкектин батыш тарабында муздак суу болбойт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өчүрүүгө Гагарин, Юго-Западный суу алгычтарындагы жана шаардык суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштери себеп болгон.

Саат 9.00дөн 00.00гө чейин Лев Толстой, Бакаев, Алтымышев, Жунусалиев, Гагарин, Муромская, Циолковский, Тимур Фрунзе, Өмүр, Алыкулов, Ахунбаев, Көк-Жайык, Торугарт көчөлөрү менен чектелген аймактарда таза суу берүү токтотулат.

Ошондой эле «Жумушчу шаарча», «Айыл чарба институту», «Ак-Өргө», «Ак-Ордо» (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк тарабы) жана «Теңир-Тоо» (Ахунбаев көчөсүнүн ылдыйы) конуштарында суу болбойт.

«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт .

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18