18:21, 07 октября 2024, 24.kg

Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар турак жайын бекер камсыздай алышат

Кыргызстанда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар турак жайын бекер камсыздай алышат. Биринчи жана экинчи топтогу майыптар үйүн бекер камсыздандырса болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басары Бактыгул Абдыжалиева билдирди.

Анын айтымында, үчүнчү топтогу майыптар жана аз камсыз болгондор турак жайын 50 пайыздык жеңилдик менен камсыздандырса болот.

Эскерте кетсек, турак жайды камсыздандыруу шаарда 1 миң 200 сом, айыл жеринде 600 сом. Жакында кыргызстандыктар муну онлайн режиминде жасай алышат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18