14:53, 07 октября 2024, 24.kg

Ажылык- 2025. 3 миңден ашык кыргызстандыктар алгачкы төлөмдөрдү төлөдү

Бүгүн, 7-октябрда 2025-жылы ыйык Мекке жана Мединага ажылыкка барууну каалаган жарандарды электрондук каттоо башталды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, ажылык сапарга катышуу үчүн 3 миң 258 адам РСК банкка 2 миң доллар жана кайтарымсыз 1 миң 200 сом өлчөмүндө алгачкы салым кошушкан.

Белгилей кетсек, Сиз Муфтияттын облустук, шаардык казыяттарында жана райондук хатибияттарында алгачкы салымыңызды кошо аласыз. Алгачкы төлөмсүз электрондук базага каттала албайсыз.

Буга чейин муфтият Сауд Арабиясы 2025-жылдагы ажылык сапарга Кыргыз Республикасынан баруучу зыяратчыларга 6 миң квота бергенин билдирген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18