13:51, 07 октября 2024, 24.kg

Бишкекте автобус сүзүп кеткен 18 жаштагы кыз каза болду

Бишкекте автобустун дөңгөлөктөрүнүн астына калган 18 жаштагы кыз, алган жаракатынан улам каза болду. Бул тууралуу Борбордук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Кырсык бүгүн, 7-октябрда саат 10.00дөр чамасында болгон. Автобустун айдоочусу Чүй проспектиси менен чыгыш тарапты көздөй бара жатып, жөө адамдар өтүүчү жерден жолдун четинен өтүп бара жаткан кызды сүзүп кеткен. Жабырлануучу ар кандай жаракаттар менен Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Бул факты Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, керектүү экспертизалар дайындалган. Автобус убактылуу кармоочу жайга токтотулган.

Учурда тергөө амалдары жүрүп, жабырлануучунун өздүгү такталууда.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18