11:45, 07 октября 2024, 24.kg

Жогорку Кеңеште мамлекеттик ооруканалардын жетекчилеринин айлык акысы айтылды

Мамлекеттик ооруканалардын жетекчилери айына 20 миң сомдон 25 миң сомго чейин маяна алышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов билдирди.

Анын айтымында, филиал жетекчилеринин айлыгы 35 миң сомго жетет.

Депутаттар Айсулуу Мамашованын мамлекеттик ооруканалардын жетекчилерине жеке клиникаларда иштөөсүнө тыюу салган мыйзам долбоорун карап жатат.

Эл депутаты Элдар Абакиров мамлекеттик ооруканалардагы дарыгерлердин айлыгын көтөрбөй мыйзам кабыл алынса, анда кесипкөйлөр жеке секторго кетиши мүмкүн экенин белгиледи. Ал учурдагы айлыкка дагы 40-50 миң сом кошууну сунуштап жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18