18:35, 04 октября 2024, 24.kg

5-октябрга карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 5-октябрда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда жаан карга айланышы мүмкүн калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, күтүлөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +9...+14, күндүз +23...+28

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +7...+12, күндүз +20...+25

Баткен облусунда түнкүсүн +9...+14, күндүз +23...+28

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10...+15, күндүз +24...+29

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4...+9,күндүз +16...+21

Нарын жергесинде түнкүсүн +2...+7, күндүз +17...+22.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +10...+12°, күндүз +25...+27° жылуу болот.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18