12:11, 04 октября 2024, 24.kg

Таалайбек Ибраев: «Келерки жылы трансформаторлор боюнча көйгөй болбойт»

Кийинки жылы өлкөдө трансформаторлор боюнча көйгөй болбойт. Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев бүгүн, 4-октябрда «Элдик» депутаттык тобунун жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бардык 56 бөлүштүрүүчү аймактарда трансформаторлор оңдолду.

«Учурда бардык бөлүштүрүүчү аймактарда авариялык кырдаалда бештен запастык трансформатор бар. Мындан тышкары 58 миллион долларга 1 миң трансформатор сатып алуу боюнча сынак өткөрүлдү. Анын 25 миллион доллары грант, 8 миллиону швейцариялык грант, дагы 25 миллион доллары кредит. Буга чейин бул келишимди депутаттар жактырган. Бул акчага биз тендер өткөрүп, азыр 600 миң эсептегич жана 1 миң трансформатор сатып алууга кол коюу стадиясында турабыз. Келерки жылы алар менен эч кандай көйгөй болбойт», — деди Таалайбек Ибраев.

Мындан тышкары, Энергетика министрлигинин башчысы өлкө 2027-жылга чейин электр энергиясын импорттоодон толук баш тартууга даярданып жатканын белгиледи.

Жыйында министр энергетика тармагындагы абал жана «Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы өзгөчө кырдаал жөнүндө» Президенттин жарлыгынын аткарылышы тууралуу маалымат берди.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18