11:22, 04 октября 2024, 24.kg

УКМК сейрек кездешүүчү өсүмдүктөрдү мыйзамсыз чогултуу жана сатууга бөгөт койду

Өзгөчө ири көлөмдөгү макротомия өсүмдүгүнүн тамырын мыйзамсыз чогултуу жана сатуу аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК улуттук коопсуздук кызыкчылыктарын камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө өзгөчө ири көлөмдөгү макротомия өсүмдүгүнүн тамырын мыйзамсыз чогултуу жана сатуу менен алектенген чет өлкөлүк жарандардын жана башка адамдардын контрабандалык иштерин аныктап, бөгөт койду. Тактап айтканда, сатуу аракетинде УКМК тарабынан 1326,3 килограммга жакын өсүмдүк сырьесу — жалпы баасы 3 миллион сомго жакын макротомия алынган.

Учурда УКМК тарабынан аталган кылмыш ишинин башка катышуучуларын аныктоо боюнча ыкчам издөө-иликтөө иш-чаралары улантылууда.

Мындан тышкары  өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин сактоо жана көбөйтүү максатында КР министрлер кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы № 270 токтому менен өсүмдүктөр дүйнөсүнүн айрым түрлөрүн пайдаланууга, тагыраагы: макротомия, арнебия, ясенец, аконит жана афлатун пиязын жапайы дарылык, техникалык, тамак-аш өсүмдүк чийки затын сатып алуу жана чогултуу үчүн үч жылдык мөөнөткө убактылуу тыюу (мораторий) киргизилген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18