16:40, 03 октября 2024, 24.kg

Мыйзамсыз менчиктештирилген Араван пахта заводу мамлекетке кайтарылды

Мыйзамсыз менчиктештирилген Аравандагы «Ак-Була» пахта заводунун жалпы аянты 11,14 гектар жери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, мүлк комплекси көптөн бери иштебей, чарба жүргүзүүчү субъекттер соода аянтчасы катары пайдаланышат. Баалоо жыйынтыгы боюнча жер тилкесинин баасы 3 миллиард 217 миллион сомду түзөт.

1997-жылы Араван районунун айрым кызмат адамдары кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, пахта заводун чет элдик жаран Р.В.А.га мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүп беришкени аныкталган.

Эске сала кетсек, буга чейин комплекстин ээси Александр Румянцев өлкө президенти Садыр Жапаровго жардам сурап кайрылган. Ал билдиргендей, биринчи жана апелляциялык инстанциядагы соттор Араван районунун акиминин доо арызы боюнча Ош облустук мамлекеттик мүлк фонду менен Араван пахта заводу «Ак-Була» ААКсынын ортосунда 1997-жылы түзүлгөн сатып алуу-сатуу келишимин жокко чыгарган. Келишим боюнча толук төлөнүп, 27 жылдан бери документ эч жерде талаш-тартыш болбогонуна карабастан, Араван пахта заводунун мүлк комплексин акционердик коомго берген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18