11:51, 03 октября 2024, 24.kg

ЖК депутаттары ишкерликти текшерүү боюнча мыйзам долбоорун караган жок

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жалпы жыйынында депутаттар президенттин «Ишкердик субъекттерин текшерүүгө убактылуу тыюу салуу жөнүндө» жарлыгын ишке ашырууга багытталган бир катар мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган мыйзам долбоорун күн тартибинен алып салышты.

Экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаевдин мыйзам долбоору боюнча жасаган доклады чийки жана даярдыгы начар болгондуктан күн тартибинен алып салуу сунушун төрага Нурланбек Шакиев билдирди. Эми документ кайрадан биринчи окууда каралат.

Мыйзам долбоорунда ишкерликти бардык текшерүүлөрдү прокуратурадан каттоодон өткөндөн кийин гана жүргүзүү сунушталууда.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18