15:41, 02 октября 2024, 24.kg

Садыр Жапаров расмий сапар менен Италияга жөнөп кетти. Коштоп кеткендер

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-октябрда расмий сапар менен Италия жана Ыйык Тактыга (Ватикан) жөнөп кетти.

Расмий сапардын жүрүшүндө жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сүйлөшүүлөр күтүлүүдө, алардын жүрүшүндө кыргыз-италиялык өз ара мамилелердин бүтүндөй комплекси жана аларды өнүктүрүүнүн келечеги талкууланат.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамындагылар:

— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

-президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

— Кыргызстандын Италиядагы элчиси Таалай Базарбаев;

— башкы прокурор Максат Асаналиев;

— маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов;

— юстиция министри Аяз Баетов;

— президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев;

-президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов;

— Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18