14:05, 02 октября 2024, 24.kg

Сот департаментинин жетекчиси мас абалында унаа айдаганы үчүн кызматынан алынды

Бишкекте Сот департаментинин жетекчиси мас абалында унаа башкарганы үчүн кызматынан бошотулду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, 1-октябрда Бишкек ШИИБдин кызматкерлери айдоочусу мас абалында унаа башкарган деп шектелген Хундай Соната үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Борбор калаадагы Кайгуул-күзөт кызматынын басма сөз кызматкери Мирлан Таалайбеков айдоочу жазадан качууга аракет кылып, ал адам Жогорку Сотко караштуу Сот департаментинин бөлүм башчысы болуп иштегени жазылган кызматтык күбөлүгүн көрсөткөнүн билдирди.

Айдоочу наркологиялык борборго жеткирилип, дарыгерлер ал кишинин мас болгонун тастыкташкан. Унаа убактылуу кармоочу жайга киргизилип, айдоочуга карата тиешелүү протокол түзүлдү.

Өз кезегинде Жогорку Сотко караштуу Сот департаментинин басма сөз кызматы жогоруда аталган айдоочу Чүй облустук башкармалыгынын соттук аткаруучулар кызматынын бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы экенин түшүндүрдү. Ал киши ээлеген кызматынан бошотулду.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18