13:13, 02 октября 2024, 24.kg

Дүйнө чемпиондугуна тандоо. Кыргызстан командасынын кеңейтилген курамы аныкталды

Максим Лисицын жетектеген улуттук курама команданын машыктыруучулар штабы 2026-жылдагы дүйнөлүк чемпионаттын тандоо оюндарына даярдык көрүү үчүн машыгуу сборуна чакырыла турган оюнчулардын кеңейтилген тизмесин жарыялады. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол союзу социалдык тармактарда билдирди.

Эске сала кетсек, команда 10-октябрда конокто Катар курама командасы менен беттешет, ошондой эле 15-октябрда Түндүк Корея курама командасы менен өз үйүндө ойнойт.

Маалым болгондой, Кыргызстандын футболчулары бул оюндарга даярдануу максатында 3-8-октябрь күндөрү Сауд Арабияда окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүшөт.

Машыктыруучулар штабы кеңейтилген тизмеге 30 оюнчуну киргизип, анын 23ү оюнга катыша турган курамга киргизилет.

Кеңейтилген тизме:

Дарбазачылар: Эржан Токотаев, Артем Прядкин, Курманбек Нурланбеков, Марсел Исламкулов

Коргоочулар: Валерий Кичин, Тамирлан Козубаев, Християн Браузман, Александр Мищенко, Улан Сулайманов, Саид Дациев, Арслан Бекбердинов, Бектур Амангелдиев

Жарым коргоочулар: Алимардон Шүкүров, Элдияр Зарыпбеков, Кай Мерк, Эрмек Кенжебаев, Одилжон Абдурахманов, Муролимжон Ахмедов, Эрбол Атабаев, Магамед Узденов, Сүйүнтбек Мамыралиев, Нурбол Бактыбаев, Нурлан Сарыкбаев

Чабуулчулар: Бекназ Алмазбеков, Кими Мерк, Гүлжигит Алыкулов, Жоел Кожо, Атай Жумашев, Кайрат Жыргалбек уулу, Алишер Усубалиев.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18