15:19, 01 октября 2024, 24.kg

Рустам Жокоев «Унаа» мамлекеттик мекемесинин жетекчиси кызматынан бошотулду

Рустам Жокоев Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун убактылуу милдетин аткаруучу кызматынан бошотулду. Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.

Мамлекет башчынын дагы бир тескемеси менен Улан Карыпбеков аталган мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды.

Эске салсак, буга чейин УКМК кызматкерлери Рустам Жокоевди жана бир катар кызматкерлерди Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин борбордук аппаратынан кармашкан. Кармоо мекеменин чыгыш бөлүмүндө экзамендерди өткөрүүгө байланыштуу болгон. Ведомстводогу айрым жетекчилер башында турган комплекстүү коррупциялык схема токтотулду, деп билдирди мамлекеттик комитет.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18