13:25, 01 октября 2024, 24.kg

«Жылдын мыкты мугалими» сынагы башталды. Баш байге Бишкектен батирдин ачкычы

Бишкекте «Жылдын мыкты мугалими», жана «Жылдын мыкты тарбиячысы» сынактары башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ачылыш аземде билим берүү министринин орун басары Муратбек Касымалиев мугалимдик асыл, татаал жана жоопкерчиликтүү кесип экенин белгиледи.

«Сиздер ар бир үй-бүлөнүн мүчөсү экениңизди түшүнөбүз. Бүгүнкү күндө билими жок бир дагы жаран жок. Албетте, коом өзгөрдү; илим менен техника өнүгүп жатат. Бирок мугалимдин талантын, боорукердигин, чыгармачылыгын эч кандай жаңычылдык алмаштыра албайт», — деди ал.

Сынактын негизги максаты — башталгыч, негизги, жалпы орто билим берүү уюмдарынын мамлекеттик жана муниципалдык жогорку кесипкөй кадрдык курамын түзүү. Ошондой эле билим берүү процессинин сапатын жакшыртууга багытталган кадр саясатын ишке ашыруу үчүн алдыңкы педагогикалык идеяларды жайылтуу, заманбап билим берүү технологияларын жана методикаларын пайдалануу боюнча натыйжалуу тажрыйбага ээ таланттуу, чыгармачыл педагогдорду аныктоо болуп саналат.

Белгилей кетсек, бул чоң байге коюлган жана мугалимдер жапырт түрдө катышкан биринчи кесипкөй сынак. Биринчи орун алган мугалимге Бишкектен бир батирдин ачкычы тапшырылат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18