12:42, 01 октября 2024, 24.kg

Кышында электр жарыгын өчүрүү болобу? Министрдин жообу

Энергетика министрлигинин башчысы Таалайбек Ибраев Биринчи радионун эфиринде жылытуу мезгилине даярдык тууралуу айтып берди.

Ал кыргызстандыктарды электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды. Аткаминердин айтымында, жарандар энергияны өтө көп коротушат, демек, мындай улана берсе, бизде көйгөйлөр жаралат.

Тактап айтканда, Кыргызстан электр энергиясын керектөө боюнча рекорддук чектен өттү.

«Бизде эч качан мындай нерсе болгон эмес. Июль айында абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу керектөө 40 миллион киловатт-сааттан ашты. Мурда бул мезгилде керектее 32–35 миллион киловатт-сааттан ашкан эмес. Мен биздин керектөөчүлөргө кайрылып, мүмкүн болушунча электр энергиясын үнөмдөөнү суранат элем. Канчалык көп керектелсе, ошончолук көп суу чыгараарыбызды өзүңүздөр билесиздер. Кышында жылытуу мезгилинде суу керектелет», — дейт Таалайбек Ибраев.

Ал кышында электр жарыгын өчүрүүлөр болбой турганын, жөнгө салуу чаралары болушу мүмкүн деп ишендирди. Министрдин айтымында, өчүрүүлөр шартуу түрдө гана «эртең мененки саат 6:00дөн 9:00гө чейин же 12:00гө чейин электр жарыгы жок болот» деди.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18