15:04, 30 сентября 2024, 24.kg

Депутаттар Кыргызстандын Кореядагы элчисинин ишин текшерүү үчүн комиссия түзүшөт

Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстандын Корея Республикасындагы элчиси Аида Исмаилованын ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн убактылуу комиссия түзүшөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду.

Эл өкүлү Кубанычбек Самаков акыркы күндөрү элчинин иши массалык маалымат каражаттарында кызуу талкууланып жатканын белгиледи.

«Биз адистештирилген комитет катары депутаттык комиссия түзүүнү сунуштап жатабыз. Анын курамына атайын кызматтардын өкүлдөрүн кошууну сунуштап жатабыз, анткени Түштүк Кореядан биздин жарандар жана өлкөбүзгө инвестиция тартууну каалагандар көп келишет. Аида Исмаилованын ишмердүүлүгүн иликтөө боюнча комиссия түзүү маселесин палатага алып чыгууну сунуштайм», — деди ал.

Кубанычбек Самаковдун сунушун кесиптештери колдошту.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18