13:41, 30 сентября 2024, 24.kg

Ысык-Көлдө соттун төрагасы жана ортомчусу пара алып жатканда кармалды

Атайын кызмат Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун төрагасын пара алып жаткан жеринен кармаганын УКМКнын басма сөз борбору билдирди.

Судья А.Г.Н. 27-сентябрда ортомчусунан 3 миң доллар алып жаткан жеринен кармалган. Тинтүү учурунда андан 2,5 миң доллар, ортомчудан калган 500 доллар табылган.

28-сентябрда Соттор кеңешинин чечиминин негизинде кармалган жаран айыпталуучу катары киргизилди. Бишкектин Биринчи Май райондук соту ага карата 17-ноябрга чейин УКМКнын тергөө абагында камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады.

Белгилей кетсек, УКМК буга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө иш-чаралары жүрүп жатканын белгиледи.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18