12:20, 30 сентября 2024, 24.kg

Бишкекте Ала-Тоо аянтын оңдоп — түзөөнүн экинчи этабы пландалууда

Бишкекте «Ала-Тоо» аянтын реконструкциялоонун экинчи этабы, тактап айтканда, Киев көчөсүнөн баштап «Илбирс» имаратынын фасадын жаңылоо пландалууда. Бул тууралуу 24.kg басылмасына мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин окурман реконструкцияланган борбордук аянтта кемчиликтер бар экенин билдирген.

Муниципалитет 2024-жылы Ала-Тоо аянттын реконструкциялоонун биринчи этабы ишке ашырылганын, анын ичинде Чүй проспектисинин жээгиндеги «Илбирс» имаратын жана аянтты оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөнүн белгиледи.

«Фасадды оңдоо чарбалык субъектилердин эсебинен жүргүзүлдү», — деп кошумчалады басма сөз кызматы.

Мэрия экинчи этап качан башталаарын азырынча айта элек.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18