11:53, 30 сентября 2024, 24.kg

Ооруканаларда кан басымын өлчөөчү аппарат жок. Эл өкүлү каржылоого нааразы болду

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Жылдыз Садырбаева Кыргызстандын медицина тармагын начар каржылаганы үчүн Каржы министрлигине нааразычылыгын билдирди.

Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, 2024-жылы саламаттыкты сактоого 31,5 миллиард сом каралган. Бул ИДПнын 2,6 пайызын түзөт.

Депутат Жылдыз Садырбаева белгилегендей, бул өтө аз.

«Шаардагы ооруканалардын абалы кейиштүү. Кардиология институтунун реанимация бөлүмүндө бир дагы нормалдуу тонометр жок. Оксиметр жок. Абалы коркунучтуу. Мамакеев атындагы ооруканада рентген аппараты жок», — деди ал.

 

Каржы министрлигинин башчысы Алмаз Бакетаев өзү да аймактык ооруканада дарыланып жатканын жана чындап эле каражат жетишсиз экенин түшүнөрүн билдирди.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18