09:11, 30 сентября 2024, 24.kg

U20: Кыргызстандын жаштар курама командасы Азия Кубогуна жолдомо алды

Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы Азия кубогуна жолдомо утуп алды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Азия Кубогунун үчүнчү тандоо турунун алкагында Кыргызстандын курама командасы Япониянын курама командасы менен ойноп, 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.

Мунун жыйынтыгында биздин курама команданын турнирдик таблицада экинчи орунду ээлеп (7 очко) Азия Кубогуна катышууга жол ачты.

Кыргызстандын жаштар курама командасы «I» тобунда Мьянманын, Түркмөнстан жана Япониянын курамалары менен бирге болчу.

Буга чейин биздин курама команда Мьянманы 2:0 менен, Түркмөнстанды болсо 1:0 менен утуп алган.

Эми Кыргызстандын жаш футболчулары Азиянын Кубогунун финалдык стадиясына өз тобунда алдыңкы орундарды ээлеген курама командалар катышат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18