18:48, 27 сентября 2024, 24.kg

Кыргызстандагы алгачкы «Санжыра музейи» Жети-Өгүз районунда ачылды

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Оргочор айылында Кыргызстандагы биринчи «Санжыра музейи» ачылды. Бул тууралуу иш-чаранын катышуучулары социалдык тармактарга билдиришти.

Музей 90-жылдары өткөрүлгөн республикалык санжырлар сынагынын жыйынтыгында чогултулган материалдардын негизинде түзүлүп, ага кыргыз урууларынын жана уруктарынын, ошондой эле кыргыздарга тектеш түрк тилдүү элдердин санжырасы киргизилген. Музейдин ачылышына «Тарыхый мурастарды коргоо» коомдук фондунун директору Мурат Жетимишбаевдин салымы чоң.

Мекеменин ачылышына КР мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев жана башкалар катышты.

 

Эске сала кетсек, 25-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар үч окууда «Музейлер жана музей фонддору жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү кабыл алышкан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18