10:22, 27 сентября 2024, 24.kg

Кайрадан жол эрежесин бузуу. Бишкекте автобус каршы тарапка чыгып кетти

Чүй проспектиси менен Шопокова көчөсүнүн кесилишинде No227 автобустун айдоочусу жол эрежесин бузган. Бул тууралуу видеону 24.kg басылмасына окурман жөнөткөн.

Кадрларда автобус кош катуу сызыктан өтүп, каршы келе жаткан транспорттун бүтүндөй тилкесин ээлегени көрүнүп турат.

Эске сала кетсек, 25-сентябрда мэр Айбек Жунушалиев жол кырсыктары көбөйүп жаткан муниципалдык коомдук транспорттун айдоочуларына сөгүш жарыялаган. Мэриянын Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгына айдоочулардын жол кыймылынын эрежелерин сактоосун күчөтүү тапшырмасы берилген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18