16:42, 26 сентября 2024, 24.kg

Ветеринардык кызмат касапканаларды борбордон башка жакка көчүрүүнү пландоодо

Ветеринардык кызмат касапканаларды борбордон башка жакка көчүрүүнү каалайт. Бул тууралуу аталган департаменттин директору Улугбек Кожобергенов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Депутат Айбек Алтынбеков Бишкектеги мал союучу жайлардын абалы боюнча маселе көтөрдү.

«Аларды шаардын чегинен тышкары алып чыгууга кандай карайсыз? «Баят», Пригородное, «Жантай» айылындагы мал базарлардын абалын билесизби? Эгерде жугуштуу оору аныкталса, бир чакырым радиустагы аймакты жабуу керек», — деди ал.

Улугбек Кожобергенов мал союучу жайларды шаардын сыртына көчүрүү маселеси боюнча Ветеринардык кызмат жергиликтүү бийлик менен биргеликте иш алып барып жатканын айтты.

«Биз Бишкек мэриясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Бизге жер тилкелерин бөлүп беришет. Учурдагы мал союучу жайларды азыр жаап салсак, малды үйдөн союп баштайбыз. Ошондуктан ветеринарлар менен күчөтүлгөн режимде иштеп жатабыз. Тийиштүү шарты бар мал союучу жайларды куруп, ишке киргизмейинче, иштеп жаткандары иштей берет», — деди ал

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18