13:20, 26 сентября 2024, 24.kg

Чүй районундагы «Эдельвейс» балдардын ден соолук лагери мамлекетке кайтарылды

Чүй районунун Төш-Булак айылында жайгашкан балдардын «Эдельвейс» ден соолукту чыңдоо лагери мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, лагердин аянты 5,2 гектарды, ал эми имараттардын жалпы аянты 493,8 чарчы метрди түзөт. Лагер 2004-жылы менчиктештирилип, андан бери бир нече жолу кайра сатылып кеткен.

УКМКнын иш-аракеттеринин аркасында аталган мекеме өз ыктыяры менен мамлекеттин карамагына өткөн.

Лагердин сметалык баасы 320 миллион 651 миң сомду түзөт.

Мыйзамсыз менчиктештирилген объекттерди кайтаруу иштери уланууда

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18