11:11, 25 сентября 2024, 24.kg

Элдик курултайдын делегаттары Улуттук кеңеш түзүүнү суранууда

Элдик Курултайдын делегаттары Улуттук кеңеш түзүп, анын төрагасы менен орун басарларын дайындоону суранууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Элдик Курултайдын катчылыгынын жетекчиси Мыктыбек Абдылдаев билдирди.

Ал депутаттарга «Элдик курултай жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун сунуштады.

Мыктыбек Абдылдаев белгилегендей, «Элдик курултай жөнүндө» конституциялык мыйзамда Элдик Курултайдын Улуттук кеңеши делегаттарды шайлоо тартиби жөнүндө жобону, уюштуруу иштерин жөнгө салуучу жоболорду иштеп чыгып, элдик жыйынды өткөрүү боюнча президентке сунуш киргизет. Улуттук кеңеш Элдик Курултайдын делегаттарынын ичинен шайланган 17 мүчөдөн турат.

«Бирок азыр Улуттук кеңеш жок. Ошондуктан «Элдик курултай жөнүндө» мыйзамда көрсөтүлгөн милдеттерди ким аткарат деген суроо жаралган",- дейт Мыктыбек Абдылдаев.

Эске сала кетсек, Кыргызстандын президенти үчүнчү Элдик курултайдын датасын белгилеген. Элдик курултай Бишкек шаарында 2024-жылдын 20-декабрында өтөт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18