18:21, 24 сентября 2024, 24.kg

«Асман» авиакомпаниясынын учагы Таласка алгачкы техникалык каттамын жасады

Photo 346415

«Асман» авиакомпаниясынын учагы Бишкек-Талас багыты боюнча алгачкы техникалык каттамын жасады. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аба майданын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, биринчи каттам үчүн " Бишкек-Талас" багытын тандоонун символикалык мааниси бар экени белгиленет.

«Өзүнүн бай тарыхы жана маданий мурастары менен белгилүү болгон Талас шаары кыргыз элинин тарыхында негизги орунду ээлеген. Дал ушул жерде 751-жылы Талас согушу болуп, бүткүл аймактын маданий жана чарбалык жолдорун аныктаган. Бүгүнкү күндө Талас «Асман» авиакомпаниясынын аракети жана ички аба транспортунун инфраструктурасын өнүктүрүүнүн аркасында бүткүл дүйнөгө жеткиликтүү болуп баратат», — деп билдирди басма сөз кызматы.

Бул каттам авиакомпаниянын үзгүлтүксүз учууларды баштоого даярдоо программасынын алкагында уюштурулган. Техникалык персонал жана экипаж учуудан баштап конууга чейинки учуунун бардык этаптарын кылдаттык менен иштеп чыгышып, коопсуздуктун жогорку деңгээлин жана коммерциялык эксплуатацияны баштоого даярдыгын ырасташты.

«Асман авиакомпаниясынын түзүлүшү Кыргызстандын авиация тармагын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын алкагындагы маанилүү демилге. Өлкөнүн шаарларынын ортосунда жаңы каттамдардын ачылышы аймактардын транспорттук жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга гана жардам бербестен, ички туризмди жана экономиканы чыңдоого өбөлгө түзөт. Жакынкы арада Asman Airlines авиакомпаниясы ички каттамдарга гана эмес, коңшу өлкөлөргө да үзгүлтүксүз каттамдарды аткара баштайт», — деп кошумчалады компания.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18