13:14, 24 сентября 2024, 24.kg

Арстанбек Буйлаш уулунун 200 жылдыгына кароо-сынак өтөт

Кара Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, Арстанбек Буйлаш уулунун 200 жылдыгына карата дастанчылардын республикалык кароо-сынагы болот. Бул тууралуу Кыргыз Улуттук «Манас» театрынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сынакка салттуу музыкалык искусствонун алып жүрүүчүлөрү, улуттук музыкалык аспаптардын коштоосунда жогорку денгээлде ырдай алган бардык өнөрпоздор, каалоочулар жана маданий- музыкалык окуу жайлардын профессионал студенттери катыша алышат. Катышуучулардын жашы чектелбейт.

Кароо-сынак эки айлампа менен өтөт. Анын жеңүүчүлөрү дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышат.

Кароо-сынак 25-октябрда Бишкек шаарында Кыргыз Улуттук «Манас» театрында саат ондо өтөт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18